БУДДИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУДДИ́ЗМ – дүйнөдөгү үч чоӊ диндин бири. Байыркы Индияда б. з. ч. 6–5-к-дарда чыккан. Уламыш б-ча ага Будда негиз салган. Адегенде брахманизмдин бир тармагы катары пайда болуп, анын айрым түшүнүктөрүн (жандын көчүп жүрүшү, тозок, бейиш) мурастап алган; бирок брахмандардын касталарды актаганына каршы турган. Алгачкы Б. «хинаяна» («кичине араба» же «тар жол») деп аталып, «азап тартуу» ж-а «жан куткаруу» жагынан адамдар теӊ укуктуу деп эсептелген. Б. з. ч. 3-к-да Индияны сурап турган Ашок падыша Б-ди мамл. дин деп жарыялаган. 1-к-да Индиянын түн.-батыш тарабында Б-дин «махаяна» («чоӊ араба» же «улуу жол») деген жаӊы түрү пайда болот. Анын догматтарында б о д и с а т в а л а р, б. а. «жан куткарууга көмөктөш теӊирлер» чоӊ орун ээлейт. Будда философия системасынын негизинде д х а р м а л а р теориясы жатат. Бул теория б-ча материалдык ж-а рухий нерселердин баары бир агымга кошулуп, айрым элементтерден турат. Элементтер туруксуз ж-а опаасыз келет, ошондуктан элементтерден тургандын баары («көрүнүштөр дүйнөсү») чыныгы реалдуу болмуш боло албайт. Ар бир элементтин түбөлүк, өзгөрбөс, түшүнүп болбос ээси бар, ал дхарма деп аталат. Дхармалар өтө көп, бирок алардын 75 түрү гана чыныгы реалдуу болмуш («маӊыз дүйнөсү») боло алат. Дхармалардын өз ара айкалышынан жекече аӊ-сезим жаралат. Жандануунун азап-тозок тартышын Б. жашоонун мааниси деп санайт. Б-дин эӊ башкы диний догматы жандын кубулуп, бир түрдөн экинчи түргө өтүп, жаӊы түспөл алып турушу ж-дөгү түшүнүккө негизделген. Бул ишеним б-ча, дхармалардын тутумдашкан белгилүү бир тобу («комбинациясы») жандуу нерсени жашатып турат; ал «комбинацияга» биригип, жан кубулат. Натыйжада падыша (раджа) кул болуп, кул падыша болуп кубула алат. Дхармалардын жаӊы «комбинациясын» карма жаратат, ал эми карма болсо өткөн чакта жасалган «күнөөлөр» м-н «сооптордун» кошундусу деп түшүндүрүлөт. «Сообу», «күнөөсүнөн» ашып түшсө, кубулуу эӊ мыкты болот. Кубулуунун түпкү чеги – нирвана (өчүү, сиӊүү маанисинде). Буга жеткенде, жандын кубулушу токтолот, жандуу нерсе азап-тозоктон биротоло арылат. Адам кечилдик (монахтык) жол м-н кетсе гана «нирванага» жетиши мүмкүн. Индияда Б. м-н брахманизмдин жанаша жашап, жакындашып отурушу акыры жаӊы диндин – индуизмдин пайда болушун шарттаган. 10-к-дын башында Индияда Б. маанисин жоготкон. Бирок Б. Тибет, Кытай, Корея, Япония, Инди-Кытай мамлекеттерине, Монголия, Таиланд, Индонезия, Россияга (бурят, калмак, тува элдерине) ж. б. таралып кеткен. Ал жерг. диний түшүнүктөр м-н айкалышып, мазмунун ж-а формасын өзгөртүп отурган. Мис., Тибет м-н Монголияда Б. ламаизм түрүнө өткөн.
Ад.: Ильинг Г. Ф. Религия древней Индии. М., 1959; Кочетов А. Н. Буддизм. М., 1968.