БУДЁННЫЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУДЁННЫЙ Семён Михайлович [13. (25). 4. 1883, Ростов обл., Пролетарск р-ну, Козюрин хутору (азыркы Пролетарск ш.) – 26. 10. 1973, Москва] – сов. аскер ж-а мамл. ишмер, Граж. согуштун баатыры, Сов. Союз. Маршалы (1935), Сов. Союз. 3 жолку Баатыры (1958, 1963, 1968). Орус-япон согушунда (1904–05), 1-дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Ыйык Георгий ордени ж-а 4 Георгий медалын алууга татыктуу болгон. 1919-ж. июнда Б-дын командачылыгы м-н атчандар корпусу түзүлүп, 1-атчандар армиясына айланат. Бул армия гражд. согушта Деникин, Пилсудский ж-а Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921–23-ж. Рев-ячыл аскер советинин мүчөсү, Түн. Кав-

каз аскер округунун командачысынын орун басары. Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштеп, натыйжада жылкынын жаӊы породалары чыгарылган. 1923-жылдан Б. Кызыл Армиянын баш командачысынын атчан аскер б-ча жардамчысы, СССР рев-ячыл аскер советинин мүчөсү. 1932-ж. М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер советинин мүчөсү, коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын курамында, Ставканын резерв армияларынын аскер топторунун командачысы ж-а бир катар фронттун командачысы. 1943-ж. январдан Сов. Армиянын атчан аскерлеринин командачысы ж-а СССР Куралдуу Күчтөр министрлигинин Жогорку аскердик советинин мүчөсү; 1947–53-ж. а. ч. министринин жылкы чарбасы б-ча орун басары, 1953–54-ж. атчан аскер инспектору болгон. Жети Ленин, алты Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ж. б. ордендер м-н сыйланган.
Эмг.: Пройдённый путь. Кн. 1–3. М., 1959–73.
Ад.: Сидоров В. И. Первая Конная армия. М., 1949.