БУЙЛАШ ХАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУЙЛАШ ХАН , Б у й д а ш х а н (16-к.) – казак хандарынын бири (1533–38). Жаныбек хандын небереси. Маалыматтарга караганда 16-к-дын 30-жылдары Казакстандын батышын Ахмет хан, борборун Тогум хан ж-а Жети-Суу аймагын (даректерде Моголстан деп аталат) Такыр хан башкарган. Такыр хан көз жумган соӊ (1533), Буйлаш бийликке келген. Анын 20–30 миӊдей аскери болуп, бийлиги кыргыздарга да тараган. «Тарих-и Рашидиде» Б. х. 1533–34-ж. дүйнөдөн кайткан деп айтылса, айрым маалыматтарда Дербиш султан м-н болгон согушта өлгөн деп да айтылып жүрөт.