БУКА ТАРТЫШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -га соңку нускасы
БУКА ТАРТЫШ , и т т а р т ы ш – балбандардын күчүн сыноочу элдик оюн. Ортого чыккан эки балбан туюкталган кыл аркандын эки жагын моюндарына илип, төрт аяктап, эки кат арканды эки бутунун ортосунан өткөрүп, экөө эки жакты баштанып, аркандын дал ортосун экөөнүн ортосундагы чийинге так келтирип турушат. Калыс адам белги бергенде же үн чыгарганда экөө эки жакты көздөй бирин-бири сүйрөп кетүүгө аракет кылышат. Кимиси күчкө салып сүйрөп отуруп, чийинден өткөрүп кетсе, ал жеӊишке жетишет.