«БУКАРА» СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
«БУКАРА» СОЮЗУ – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей ж-а орто дыйкандарын бириктерген демокр. уюму. Имаш Көбөков м-н Бакретдин Саипбаевдин демилгеси б-ча 1917-ж. май айында түзүлгөн. «Б.» с-нун программасы элдин таламын коргоону, кыргыз элинин рев-ячыл аӊ-сезимин көтөрүүнү, демокр. негизде ж-а мыйзамдуулукка таянып, кыргыз коомчулугунун турмушун жөнгө салууну белгилеген. Союздун уюштуруу съезди 1917-ж. 9–10-сентябрда Пишпекте өтүп, анын башкармасынын төрагалыгына Казан ун-тинин юрид. ф-тинин студенти Кожомурат Сарыкулаков, орун басарлыгына И. Көбөков, Б. Саипбаев ж-а А. Барменов шайланган. Союздун алдында кооперациялык керек-жарак коому түзүлүп, ага 7159 адам мүчө болуп кирген. 1918-ж. ноябрда анын мүчөлөрүнүн саны 5 миӊге жетип, Түркстандагы эӊ ири коом болгон. «Б.» с. большевиктердин жетекчилиги астында Кырг-ндын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда ж-а чыӊдоодо зор роль ойногон. Ал 1918-ж. май айында «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп кайрадан түзүлгөн.