БУЛА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУЛА – ийирүүгө жарактуу эӊ ичке ж-а бышык жипче. Б. катуу ж-а ийкемдүү болот да, текстиль (накта) ж-а хим. Б. болуп айырмаланат. Т е к с т и л ь Б-сынан (к. Текстиль буласы) жип ийирилип, текстиль буюмдары даярдалат. Х и м и я л ы к Б. жасалма ж-а синтездик болуп бөлүнөт. Ж а с а л м а Б. табигый орг. полимерлерден алынат да, ага вискоза, жез-аммиак, ацетат ж-а белоктуу Б-лар кирет. Булар жыгачтан же көбүнчө кебез целлюлозадан, белоктуу Б-лар өсүмдүктөрдүн же жаныбарлардын белокторунан (казеин) даярдалат. С и н т е з д и к Б. синтездик полимерлердин (полиамид, полиэфир, полиолефиндин) коюу көлкүлдөк эритмесинен же полимердин (полиакрилонитрил, поливинилхлорид, поливинил спиртинин) суюк эритмесинен кургак ж-а суулуу метод б-ча алынат да, текстиль жиби ж-а штапель буласы түрүндө иштетилип чыгарылат. Алардан ар түрдүү буюмдар ж-а кездемелер даярдалат.