БУЛА ӨСҮМДҮКТӨРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУЛА ӨСҮМДҮКТӨРҮ – була алуу максатында өстүрүлүүчү бир же көп жылдык өсүмдүктөр. Аларга зыгыр, кара куурай, кенеп, жут, кендир, кротолярия, сесбания, агава, банан ж. б. кирет. Б. ө-нүн уругунда азыктык ж-а тех. май бар. Күнжарасы малга тоют. Алардан ар түрдүү кездеме, аркан, жип, балык уулоо шайманы, таар, килем ж. б. жасалат. Саманынан кагаз, курулуш, жылуулук өткөрбөөчү материалдар даярдалып, отун катары да колдонулат. Кара куурай бакчылыкта кооздук үчүн да айдалат. Россия, Украина, Беларуссия, Өзбекстан, Түркмөнстанда негизинен зыгыр, кара куурай, кенеп өстүрүлөт. Анын 40ка жакын сорту бар.