БУЛАМЫК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУЛАМЫК – наристеге берилүүчү тамак. Малдын майына (мыктысы куйрук же сары май) унду бышыра кууруп, аны керектүү өлчөмдөгү (бала бир жолу жей тургандай) сүткө бөлтөксүз чалып, жай кайнатып, 5–10 мүнөт аралаштырып бышырат. Бир аз сууган соӊ Б. балага берилет. Айрым учурда Б. өтө карыган адамдарга, тамак ичүүсү кыйындаган сыркоолорго да аш болумдуу мүнөз тамак болуп саналат.