БУЛА-ОПТИКАЛЫК БАЙЛАНЫШ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУЛА-ОПТИКАЛЫК БАЙЛАНЫШ – жарык өткөргүч булалар (световод) аркылуу түзүлгөн байланыш тутумунун жаӊы түрү. Түрдүү жыштыктагы электр-магниттик толкундар (ЭМТ) аркылуу жүргүзүлүүчү байланыштын ар кандай түрүн ишке ашыруу үчүн толкун жыштыгынын белгилүү арымы (диапазону) ν, мис., телефон байланышы үчүн ν =20 кГц, интернет үчүн ν =100000 кГц жыштык арымы керектелет. Акыркы мезгилде интернет ж-а ар түрдүү телефон байланышына болгон талапты канааттандыруу үчүн байланыш каналын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыкты. Ал үчүн байланыш зымынын санын көбөйтүү керек (мис., 10000 номурлуу телефон станциясынын 20 000 зымдан турган байланышы). Байланыш каналдарын көбөйтүүнүн экинчи ыкмасы ошол эле байланыш зымы аркылуу тараган ЭМТнин жыштыгын чоӊойтуу болуп эсептелет. Мис., ЭМТ λ =1 м узундугу толкундун (ν =c/ λ, c = 300000 км/cек жарык ылдамдыгы) 300 000 кГц жыштыгын түзөт. Бул жыштыкта тараган толкун аркылуу 15 000 телефон ж-а 3 интернет (телевизор) байланыштарын түзүүгө болот. Ошентип бир эле толкун м-н анын жыштыгын чоӊойтуу аркылуу байланыш каналынын саны көбөйтүлөт. Жарык – көз көрүүчү арымдагы (ν =1011 кГц) ЭМТ. Демек, бир жарык өткөргүч була аркылуу 10 млрд телефон каналын же 10 млн интернет каналын уюштурууга болот. Ошондуктан азыркы мезгилде континент, мамлекет, шаар аралык жарык өткөргүч була аркылуу байланыш түзүлүүдө. Европа, Азия континенттерин байланыштыруучу 24 буладан турган оптикалык зым аркан Кырг-ндын аймагы аркылуу Шанхайдан Франкфуртка тартылган. Мунун экөө гана Кырг-нга тиешелүү. Бул эки буланын бирөө Бишкектеги ж-а Кырг-ндын башка шаарлар арасындагы телефон байланышын камсыз кылат. Экинчиси коммерциялык максаттагы байланыштар үчүн колдонулмакчы.
Ад.: Петин В. Я., Кочановский Л. Н. Волоконнооптические системы передачи. М., 2003.
А. Марипов.