БУЛГАКОВ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУЛГА́КОВ Михаил Афанасьевич [3. (15) 5. 1891, Киев – 10. 3. 1940, Москва] – орус жазуучусу, драматург. Киев ун-тинин медицина ф-тин бүтүргөн. 1919-ж. чейин Смоленск губерниясында врач болуп иштеген. Кийин ад-тка өткөн. 1920–22-ж. «Накануне» гезити (Берлин) м-н карым-катнашта болгон. Алгачкы сатиралык жыйнактарында анын сүрөткерлик чеберчилиги байкалган. «Ак гвардия» романына поэтикалуулук ж-а назик психологизм мүнөздүү. Ал «Ак гвардия» (1925–27) романында ж-а «Турбиндердин күндөрү» (1926), «Качуу» (1957) пьесаларында ак гвардиячылар м-н эмигранттардын тагдырын сүрөттөгөн. «Кызыл кандуу арал» (1928), «Мольер» (1936), «Соӊку күндөр» (Пушкин ж-дө, 1940) аттуу пьесалардын автору. «Устат менен Маргарита» (1966–67) сатиралык-филос. романы кыргыз тилине которулган. Бул роман Б-го ал өлгөндөн кийин дүйнөлүк даӊк алып келген. Роман б-ча драма коюлуп, кино тартылган.