БУЛГООЧУ ЗАТТАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУЛГООЧУ ЗАТТАР – чөйрөнү булгаган ар түрдүү физ. агенттер, хим. заттар ж-а биол. түрлөр (негизинен микроорганизмдер). Жаралышы б-ча Б. з. табигый чөйрөнүн, антропогендик (адамзаттын чарбалык иш-аракетинин негизинде ж-а биринчилик (булгоочу булактан), экинчилик (биринчилик заттардын хим. ажыроо реакцияларынан кийин), о. эле туруктуу (ажырабоочу) ж-а туруксуз болуп бөлүнөт. Бул заттар трофикалык (тамак-аш) тизмекке кирет. Көпчүлүк Б. з. (пестициддер, полихлордифенилдер, пластмассалар) табигый шартта өтө жай бузулат. Ал эми уулуу (токсиндүү) бирикмелер (сымап, коргошун) эч бузулбайт. Эгерде XX к-дын 40-жылдары табигый заттар (пахта, жибек, жүн, самын, каучук, азык-түлүк ж. б.) басымдуулук кылса, бүгүнкү күндө алар синтездик заттар м-н алмаштырылган. Синтездик заттар табигый чөйрөдө начар ж-а узак убакытта ажырайт, ошондуктан айлана-чөйрөнү булгоочулардын негизгилеринин бири болот. Буга синтездик кездемелер, кир жуучу заттар (детергенттер ж. б.), кошунду азык заттар, минералдык жер семирткичтер, синтездик каучук ж. б. кирет. Суу чөйрөсүндөгү Б. з-дын негизин жеӊил ажыраган орг. заттар (тиричиликте колдонулган суулар), кыйындык м-н же такыр ажырабаган заттар (негизинен өнөр жайдан чыккан суулар), туздар (хлориддер, сульфаттар, нитраттар ж. б.) ж-а оор металлдардын (сымап, кадмий, коргошун ж. б.) бирикмелери түзөт. Айрыкча өтө булгоочуларга өнөр жай ишканалары – целлюлоза-кагаз (лигнин, майлар, фенолдор, сульфаттар), хим. ж-а нефть-хим. (фенолдор, нефть заттары, бенз(а)пирен, өлчөнгөн заттар, көп циклдүү ароматтык углеводдор) ж. б. кирет. Чөйрөнү өзгөчө булгаган заттарды а. ч-сы пайда кылат (дүйнөдө болжол м-н пестициддердин 1500 түрү бар). Айрым мамлекеттерде (АКШ, Германия, Канада, Япония, Россия) кээ бир заттарга чектөөлөр киргизилген. Эгерде бул заттар чөйрөгө чектелген көлөмдөн ашык жайылса, анда алар чөйрөнү булгаган Б. з. катары каралат. Азыркы учурда чөйрөнү булгаган негизги заттарга майда бөлүкчөлөр, күкүрт диоксиди, көмүртек кычкылы, суутектүү көмүртектер, азот диоксиди, коргошун ж. б. кирет.
Б. Үсөнканов.