БУНИН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУ́НИН Иван Алексеевич [10 (22). 10. 1870, Воронеж – 8. 11. 1953, Париж] – орус жазуучусу, Россиядагы сынчыл реализмдин көрүнүктүү өкүлү, Петербург ИАнын академиги (1909), Нобель сыйл. (1933) менен сыйланган. Чыг-лыгы 1887-жылдан башталган. Биринчи ырлар жыйнагы («Ырлар») 1891-ж. жарык көргөн. «Күбүлгөн жалбырак» (1901) ыр жыйнагы Пушкин сыйл. татыктуу болгон. А. П. Чехов (1895) ж-а М. Горький (1899) м-н таанышып, алардын таасиринде жүргөн. «Кыштак» (1901) повестинен тартып Б. коомдук кеӊири тематикага өткөн. «Байыркы адам», «Түнкү сүйлөшүү», «Көӊүлдүү короо», «Игнат», «Захар Воробьев» деген аӊгемелеринде Россиянын тагдырын орус дыйкандарынын тагдыры катары караган. Россия императордук ИАнын ардактуу мүчөлүгүнө шайланган (1909). Чыгышка саякат жасап, анын таасири м-н «Күн храмы» (1907–11) деген очерктер циклин жазган. Б. Окт. рев-ясынан кийин, 1920-ж. Францияга эмиграцияга кеткен. Б-дин чыгармалары карама-каршылыктуу болсо да, зор эстетикалык сапатка ээ. Айрым аӊгемелери кыргыз тилине которулган.