БУРАМА САЙЛУУ БИРИКТИРГИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУРАМА САЙЛУУ БИРИКТИРГИЧ – машинанын ар кандай бөлүктөрүн бири бирине бекитүүчү тетиктер жыйындысы. Бириктиргичтин негизги тетиктери: буроо (болт), жуп буроо (шпилька), бурама. Алардын констр. формасы ж-а өлчөмдөрү ар түрдүү. Тартылган бириктиргич аны ажыратуучу күчкө же буроо м-н бураманын ортосунда кысылуудан пайда болгон сүрүлүү күчү кесүүчү күчкө туруштук бериш керек. Тетиктердин бөркү 6 жактуу, квадрат, тегерек же жарым тоголок ж. б. формада болот. Бирикменин констр-сында буроонун бөркү жайгашуучу орун болбогондо, жупбуроо же бурама колдонулат. Жуп буроо көп учурда динамикалык күчкө жакшы туруштук берип, констр-ны жыйноо, ажыратуу да оӊой болот. Бекитүүчү тетиктин бетин бузбоо үчүн буроонун бөркүнүн же бураманын астына эбелек коюлат. Бекитүүчү тетиктер (арналышына жараша) көмүртектүү, легирленген, дат баспоочу болоттон же түстүү металлдан жасалат.