БУРГУЛОО: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУРГУЛОО – забойдо тоо тектерди ирети м-н оюу аркылуу цилиндр формасындагы көзөнөк, шпур ж-а тоо-кен казылмаларын өткөөлдөө процесси. Б. эл чарбасында – а) инж.-геол. ж-а мелиорация жумуштарында; б) кен байлыктарды чалгындоодо; в) тоо-кен ишинде шамалдатуу ж-а суу сордуруу максатында; г) шахта өткөөлүнүн татаал процесстерин механикалаштырууда; д) кен байлыктарды казып алуудагы жардыруу жумуштарында; е) нефть, газ алууда ж-а артезиан кудуктарынан суу чыгарууда кеӊири пайдаланылат. Б-нун төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) туташ забойлуу Б.; 2) колонкалуу Б. 19-к-да тоо-кен өнөр жайынын өнүгүшү ж-а калктын сууга болгон муктаждыгынын күчөшү Б. техникасын өркүндөттү. 50-ж. швейцариялык механик Г. А. Лешо алмаздык Б-ну практикага киргизген. 1944-ж. Ф. А. Семёнов нефтини көзөнөктүн жардамы м-н алууну сунуш кылган. Б. өндүрүшүнүн башкы маселелери: көзөнөкчөлөрдү, шпурларды өтүүнү ылдамдатуу ж-а арзандатуу, о. эле долбоорлоо, констр-лоо ж-а ил.-из. иштерин, Б. техникасын, технологиясын кайрадан иштеп чыгуу.
Ад.: Ханмурзин И. И. Бурение на верхнюю мантию. М., 1967; Техника горного дела и металлургии. М., 1968. Техника и технология высокоскоростного бурения. М., 1952.