БУРКАН КӨЛҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУРКАН КӨЛҮ – Ички Теӊир-Тоодогу тоо көлү. Тескей Ала-Тоонун түш. капталында (Ара-Бел сыртында), Кичи Нарындын башаты – Буркан суусунун башында жайгашкан. Деӊиз деӊг. 3822 м бийикте батыштан чыгышка карай созулган чакан ойдуӊду ээлеп жатат. Уз. 1,5 км, эӊ жазы жери 0,55 км. Аянты 0,493 км2, суусунун көлөмү 1,671 млн м3. Эӊ тереӊ жери 10 м. Көл кар ж-а булак суулары м-н толукталып, андан Буркан суусу агып чыгат. Көлдүн деӊгээли 1,5–2 мге чейин өзгөрөт. Жээгинин айрым бөлүгү аскалуу, кээ жери жыл мезгилине жараша саздуу. Тунуктугу 3 м. Көл чанагы мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон.