БУРУЛМА-КАЛАКЧАЛУУ ТУРБИНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУРУЛМА-КАЛАКЧАЛУУ ТУРБИ́НА (бара), К а п л а н б а р а с ы (т у р б и н а с ы) – канат сымал калакчасы жумушчу дөӊгөлөктүн втулкасына (бой шакегине) бекитилген ж-а атайын кыймылга келтиргичтин жардамы м-н өз огунда автоматтык бурулуучу реактивдүү суу турбинасы (барасы). Анын кубаттуулугу 200 МВтка жетет. Жумушчу дөӊгөлөгүнүн эӊ чоӊ диаметри 10 мге жакын. Ал бир мезгилде багыттоочу аппараттын калакчасын ж-а жумушчу дөӊгөлөгүн буруучу кубаттуулук м-н жөнгө салынуучу кош жөндөгүчкө ээ. Суунун кысымы 15–60 мге чейин колдонулат. Аны 1920-ж. Австралиялык инженер В. Каплан ойлоп тапкан.