ВАКАЯМА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАКА́ЯМА – Япониядагы шаар. Вакаяма префектурасынын адм. борбору. Калкы 944,3 миӊ (2017). Кинокава д-нын чатында жайгашкан. Жолдор тоому. Кии кысыгынын чыгыш жээгиндеги порт. 16-к-да негизделген. Сепил, ун-ттер, парк бар. В. – ири өнөр жай борбору. Хим., нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш, электроника, кара металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлүүчү аймактын борбору. Шаарга жакын Коя-Сан храм комплекси сакталган.