АНАНЬЕВ Константин Николаевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Dilde
No edit summary
imported>Dilde
(Айырма жок)

05:55, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АНАНЬЕВ Константин Николаевич [14.7.1910, РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. - 22. 10. 1981, Фрунзе)] – байланыш системасынын новатору, Соц. Эмг. Баатыры (1956). А. 1933-жылдан Кыргызстандагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик

кылган Кыргызстандагы байланыш кызматкерлеринин тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө жана телекөрсөтүүнү жакшыртууда кыйла эмг. сиңирген. Топтун демилгеси менен Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.