БУТАДИЕН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУТАДИЕ́Н , д и в и н и л, СН2=СН– СН= СН2 – мүнөздүү жыты бар, түссүз газ. Эрүү t –108,9°С, кайноо t – 45°С, сууда начар, спиртте, керосинде, бензолдо, эфирде, хлороформдо, ССI4тө жакшы эрийт. Аба м-н 1,6–10,8%түү аралашмасы жарылат. Реакцияга өтө жөндөмдүү; суутек, галогендер, галогендүү суутек ж. б. м-н реакцияга оӊой кирет. Б. оӊой полимерленип, синтездик каучуктарды пайда кылат. Стирол, акрилонитрил же акрил ж-а метакрил к-талары, винил ж-а винилиденхлориддер, изобутилен, изопрен ж. б. м-н сополимерлөө реакциясына кирет. Ал спиртти, бутанды, бутиленди катализатордун жардамы м-н дегидрлөөдөн алынат. Б. баалуу каучуктарды синтездөөдө колдонулат.