БУТАНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУТАНДАР , С4Н10 – түссүз, жытсыз, газ түрүндөгү каныккан углеводороддор. Орг. эриткичтерде эрийт; сууда эрибейт. Эки изомери белгилүү; нормалдуу бутан СН3–СН2–СН2–СН3 – 0,5°Сде, изобутан (СН3)2 СНСН3 – 11°Сде кайнайт. Нормалдуу бутан 90–150°Сде, 10–20 атм. басымда AICI3, HClдун таасири м-н белгилүү көлөмдөгү аралашмасы жарылууну пайда кылат. Изобутанга алкилдөө ж-а дегидрлөө реакциясы мүнөздүү. Аны А. М. Бутлеров синтездеп алган. Алар жаратылыш ж-а нефть газдарында учурайт. Б. нефтинин фракцияларын крекингдөө ж-а гидрокрекингдөөдөн да алынат. Анын пропан ж. б. углеводороддор м-н аралашмасы газ отуну катары колдонулат.