БУТЕНДЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУТЕНДЕР , б у т и л е н д е р, С4Н8 – газ абалындагы каныкпаган углеводороддор. Үч изомери белгилүү: -бутилен же кадимки бутен-1, СН2=СН–СН2–СН3 – 6,25°Сде, -бутилен, бутен-2 (транс- же цис-формада), СН3–СН=СН–СН, 3,72°Сде, изобутен (СН3)2С=СН2 – 6,9°Сде кайнайт. Б. сууда начар, орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Аларга олефиндерге тиешелүү бардык хим. касиеттер мүнөздүү. Суутек, галогендер ж-а галогендүү суутектер м-н реакцияга кирет, абада окистенип, бутилен оксидин пайда кылат. Б. катализатордун таасири м-н изомерлөө ж-а полимерлөө реакцияларына кирет. Өндүрүштө Б. бензинди же этиленди катализ же крекинг жолу м-н өндүрүүдө жардамчы зат катары, о. эле суюк нефть заттарын ж-а нефть газдарын пиролиздөөдөн алынат. Алар суюк отун, бутадиен, изопрен, бутил каучук, полиизобутилен, полибутендер, метилэтилкетон, антиоксиданттар ж. б. заттарды алууда колдонулат.