БУТКАНА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУТКАНА – бутпарас динин туткандардын табынуу жайы. Бул тууралуу «Зийа ал-кулуб» аттуу суфийлер ж-дөгү кол жазмада мындай маалыматтар келтирилген: кыргыздар өзүлөрүнүн оорулуу жол башчысы Серйуктун маӊдайына олтурушуп, тамак алдыга келгенде ар кимиси эттен бир тилимден кесип алышып, идишке салышкан. Эт салынган идишти дарактын түбүнө коюшуп, ага табынышкан. Даракта күмүш бут (идол) илинип турган, анын айланасында жыгачтан ж-а таштан чегилип жасалган эки миӊге жакын буттар коюлган. Бул жер кыргыздардын Б-сы болгон. Кол жазмада буттун аты «талбийа – йижакар» деп аталган. «Бут» термини кыргыздарда «кут» түрүндө да айтылган. Кут – күмүш, коргошун же калайдан жасалып, көк же кызыл чүпүрөк кийгизилген адамдын келбетин элестеткен. Мал-жандыктарды ырымдаганда аны сууга салып, сууну малга чачышкан. Бутпарастык түшүнүктөр кыргыздар исламды кабыл алгандан кийин унутула баштаган.
Т. Асанов.