БУУ-ГАЗ-БАРАЛУУ ОРНОТМО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУУ-ГАЗ-БАРАЛУУ ОРНОТМО – газ- ж-а буу-баралуу циклде жылуулук энергиясын чогуу (комбинациялык) пайдалануучу энергетикалык түзүлмө. Анын буу-баралуу орнотмого салыштырганда артыкчылыгы жумушчу бөлүгүнүн баштапкы темп-расы жогору, жылуулук кайтаруусу төмөн экендигинде. Салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу чоӊ бууну пайдаланганда жылуулук көп бөлүнүп, күч берүүчү орнотмонун п. а. к. кыйла жогорулайт. Орнотмонун биринде жумуш аткаруучу заттар – барага газ м-н буу аралаштырылып берилсе, экинчисинде ал заттар аралаштырылбастан, газ абалындагы зат газ барасына ж-а буу абалындагы зат буу барасына берилет. Биринчи учурда Б.-г.-б. о-нун буу-газ генератору күйүү камерасынан ж-а бууланткычтан турат. Отунду күйгүзө турган аба көөрүк (компрессор) м-н басым астында берилет. Отундун күйүшүнөн чыккан жылуулук м-н буу пайда болот ж-а өтө ысытылып барага берилет. Иштетилген буу газ-суу генераторунда муздатылат. Экинчи учурда күйүү камерасында орнотулган буу генераторунда буу пайда болот да, ал ысыткычтан буу барасына берилет.