БУУЛАНУУ ЖЫЛУУЛУГУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУУЛАНУУ ЖЫЛУУЛУГУ – басымы ж-а темпрасы туруктуу (изобара процесси ж-а изотерма процесси) теӊ салмактуу процессте суюк затты газга (бууга) айландырууда сарпталуучу жылуулук саны. Анын сан мааниси буунун суюктукка айлануусуна (конденсация) кеткен жылуулукка барабар. Буу пайда болууда энергия жутулат, ал эми буу суюктукка өткөндө энергияны (жылуулукту) бөлүп чыгарат. Суюктукту газга айландырууну бирдей темп-рада талдап алуу ылайыктуу. Анткени ушул учурда бул чоӊдук түздөн-түз калориметрдик жол м-н ченелүүчү берилген жылуулук саны б-ча өлчөнөт. Суюктуктун буулануусунун салыштырма жылуулугу анын табиятына көз каранды. Катуу заттар да ар кандай темп-рада бууланат ж-а Б. ж-н жутуу м-н улантылат. Ал бөлүкчөлөрдү катуу заттын бетинен түздөн-түз «тартып» алууга сарпталат. Айрым катуу заттар (мис., нафталин, камфора, муз) кадимки шартта оӊой бууланат. Жуулган кирдин кышында (аязда) кургашы муздун бууланышы болуп эсептелет. Металлдар кыйынчылык м-н бууланат. Катуу заттын Б. ж. темп-рага көз каранды.