БУУ МАШИНАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУУ МАШИНАСЫ – суу буусунун потенциалдык энергиясын мех. энергияга айландыруучу поршендүү жылуулук кыймылдаткыч. Б. м-нда буу казанынан келүүчү суу буусунун энергиясы поршендин алга-артка жүрүү кыймылын же валдын айлануу кыймылын пайда кылат. Цилиндрдин ичиндеги поршень, анда 2 көӊдөй көлөмдү пайда кылып, алардын биринде буу кысылат, экинчисинде буу кеӊейет. Кысылган буу поршенди жылдырып, ага бекитилген шатун аркылуу машинаны кыймылга келтирет. Б. м. Туруктуу ж-а көчмө түрүндө болуп, пайдаланылган бууга жараша төмөнкү (12 кг/см2ге чейин), орто (60 кг/см2ге чейин) ж-а жогорку басымдуу (60 кг/см2ден ашык); валынын айлануу саны б-ча жай (50 айл./минга чейин) ж-а тез жүрүүчү; чыгарылуучу буунун басымына карата конденсациялуу ж-а атылып чыкма; цилиндринин жайгашканына карата горизонталдык, жантык ж-а вертикалдык; цилиндринин саны б-ча бир ж-а көп цилиндрлүү деп бөлүнөт. Б. м. суу ж-а темир жол транспортунда, кант з-дорунда, ширеӊке, текстиль ж-а кагаз ф-каларында колдонулат.