БУУРЧАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУУРЧАК , а к б у у р ч а к (Pisum) – чанактуулар тукумундагы бир ж-а көп жылдык өсүмдүк. Эгилме Б. – бир жылдык өсүмдүк. Сабагы түксүз, төрт кырдуу, бийикт. 150–250 см, ичке ж-а бутактуу болгондуктан, ийилип, жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы көгүлтүр же жашыл, жалбырак түбүндө эки жан жалбырагы болот. Гүлү ак, мөмөсү – чанак, ар бир чанагында 11ге чейин түрдүү түстөгү (мала жашыл, сары ж. б.) даны (жылма ж-а бырыштуу) болот. Данында 20–30% белок, ал эми жашылча буурчагында 8–10%ке чейин кант болот. Б. витаминге (В1, В2, С, Е ж. б.) бай. Тамыры 1–1,5 м тереӊдикке чейин сүӊгүп өсүп, жоон бутактарында 5–6 жалбырак алганда түймөк бактериялары бар түймөкчө пайда болот. Вегетация мезгили 45–120 күн. Ал өзү м-н өзү, кургакчыл мезгилде кайчылаш чаӊдашат. Данынан акшак, ун, көк буурчак даярдалат, жаӊы кезинде ж-а консерваланган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Б. бири биринен гүлүнүн түсү, үрөнү м-н айырмалангандыктан генетикада Г. И. Мендель өзүнүн классикалык тажрыйбаларын Б-ка жасаган (Менделизм, Мендель закондору). Европада, Батыш Азияда ж-а Түн. Африкада 6–7 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү кездешет. Мекени Жер Ортолук деӊиз аймактары, эгилме түрлөрү Түш.-Батыш ж-а Алдыӊкы Азияда алгач өстүрүлгөн. Кырг-нда дан алынуучу «Романовский 77», «Богатырь»; канттуу сортторунан «Генри», «Эра», «Сахарный мозговой», «Овощной горох» ж. б. сорттору эгилет.
А. Бабаев.