БУХАРА – ГАЗЛИ НЕФТЬ-ГАЗ РАЙОНУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУХАРА́ – ГАЗЛИ НЕФТЬ-ГАЗ РАЙОНУ – Өзбекстандын батыш бөлүгүндө нефть-газ кендери жайгашкан ири аймак. Кен Аму-Дарыя өрөөнүндө, мезозой заманында жаралган чөкмө тоо тектерде жатат. Арасында мергель катмарлары бар акиташ тектеринде нефть м-н газ топтолгон. Нефть, газ кендери: Газли, Шорчи, Ак-Жар, Жаркак, Кароол-Базар, Сары-Таш, Зекры, Шор-Дөбө, Түн. Мубарек, Түш. Мубарек, Кара-Баир, Карактай ж. б. Алардын ичинен ириси – Газли нефть-газ кени. Андагы газ запасы 500 млрд м3, нефтиники 5 млн т га жакын. Кендерден чыккан нефтиден жогорку сапаттуу керосин, дизель майы, реактивдүү отун (Шор-Дөбө, Түш. Мубарек) алынат. Райондун газы Урал, Түш. Казакстан, КМШнын борб. бөлүгүнө – Бухара – Урал – Борбор газ кууру, о. эле Казакстан м-н Кырг-нга Бухара – Ташкент – Бишкек – Алматы газ кууру аркылуу жиберилет.