БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ОТЧЁТТУУЛУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ОТЧЁТТУУЛУК – чарба каражаттары, алардын булактарынын ж-а ишкананын (уюм, мекеме, фирма) жумуш жыйынтыгынын ал-абалын аныктоочу көрсөткүчтөр системасы. Ал ишкананын, уюмдун, мекеменин чарбалык эсебинин негизинде түзүлөт. Б. о. Мезгилдүү, айлык, кварталдык ж-а жылдык болуп ажырайт. Мезгилдүү ж-а жылдык отчёттуулук көлөмүн ж-а формасын жыл сайын борб. Статистика башкармасы бекитет. Б. о. Жогорку жетекчи уюмдарга, кредиттөөчү, финансылоочу, мамл. банк уюмдарына, борб. Статистика башкармасына, анын жерг. уюмуна, жерг. Финансы органдарына тапшырылат. Финансы органдары отчёт маалыматтарынын негизинде ишкананын чарба ишин анализдеп, эсептешүү абалын тактайт да, пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрдү аныктайт.