БУЭНОС-АЙРЕС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУЭНОС-А́ЙРЕС – Аргентина Респ-нын борбор шаары. Адм. жактан Федерация округу катары өзүнчө бөлүнгөн. Ла-Плата эстуарийинин түш. жээгинде жайгашкан. Калкы 3,1 млн (2017; Чоӊ Б.-А. ж-а шаар айланасы м-н 14,5 млндон ашуун). Айланасындагы 18 шаарчаны бириктирип, Чоӊ Б.-А. деп аталат. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 50%тен ашыгы чыгарылат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина

Шаардагы кеӊ көчөлөрдүн бири.

куруу (а. и. электр-тех., автомобиль), нефть ажыратуу, хим., кийим тигүү, булгаары-бут кийим, тамак-аш (айрыкча эт). Б.-А. өлкөнүн башкы темир жол тоому ж-а Латын Америкасындагы ири деӊиз порту (жылына 20 млн тдай жүк ташылат). Эсейса эл аралык аэропорту иштейт. 1536-ж. негизделген. 1541-ж. көтөрлүшкө чыккан индейлерден чегинген испандар шаарды кыйратып, өрттөп кетишкен. 1580-ж. Кайрадан калыбына келтирилген. 1776-ж. Рио-дела-Плата вице королдугунун, 1816–26-ж. Ла-Плата бириккен провинцияларынын, 1880-жылдан Аргентина Респ-нын борбору. ИА, ун-т, улуттук тарых, этногр. музейи, «Колон» опера театры (Латын Америкасындагы эӊ ири театр) ж. б.; 18-к-дын арх-ра эстеликтери бар. Б.-А. – Түш. жарым шардагы ири финансы борб-нун бири. Шаарда Латын Америкасы м-н Аргентинанын ири банктарынын штаб-квартиралары жайгашкан.