БҮБҮХАНЫМ МЕЧИТИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БҮБҮХАНЫМ МЕЧИТИ – Амир Темир дооруна таандык арх-ралык эстелик. Өзбек Респ-нын Самарканд ш-нда жайгашкан. 1399–1404-ж. Амир Темирдин Индостандагы жеӊишинин урматына салынган. Эл арасында Бүбүханымды Амир Темирдин жубайы дешет. Эстеликтин артына дагы 2 имарат жанаша салынып, бийик мунаралуу дубалдар м-н айланта курчалган. Бул үч имараттын теӊ сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) ж-а бийик, төбөсү кумпа. Эстелик чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, мозаикалар м-н кооздолгон. Б. м. О. Азиянын о. кылымдагы арх-ралык курулуш өнөрүнүн үлгүсү болуп эсептелет ж-а кийинки арх-ралык курулуштардын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген эстеликтердин бири.