БҮКТӨЛҮҮЛӨР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БҮКТӨЛҮҮЛӨР – тектон. кыймылдардын же башка сырткы процесстердин таасиринен тоо тек катмарларынын толкун сымал ийилиши. Өзүнүн формасы, чоӊдугу, бири-бири м-н байланышы, пайда болуу убактысы (жашы) б-ча Б. бир нечеге бөлүнөт. Ар бир бүктөлүүнүн ядросу, канаттары, жону ж-а октук бети болот. Б-дүн өлчөмү ар кандай. Кээ бирлеринин туурасы бир нече 100 мге, кээде кмге жетсе, кээ бирлериники м же смден ашпайт. Жалпысынан Б. антиклиналь ж-а синклиналь деп бөлүнөт. Чоӊ өлчөмдөгү татаал Б. антиклинорий ж-а синклинорий деп аталат. Б-дүн формалары да ар түрдүү: жайгашуусуна карата сызыктуу (созулуп жаткан) ж-а кыска же тегерек (брахиан

1 – тик антиклиналь; 2 – жантык антиклиналь м-н синклиналь;
3 – көӊтөрүлгөн бүктөлүү; 4 – жатып калган; 5 – желпүүр (веер) сымал;
6 – чөгүп кеткен; 7 – сандык сымал антиклиналь ж-а учтуу синклиналь;
8 – изоклиналь бүктөлүүсү.
тиклиналь, брахисинклиналь). Б. туурасынан кесилишиндеги формасына карата тик, жантык, жатып калган, көӊтөрүлгөн, ачык, изоклиналь, желпүүр (веер) сымал Б. (к. 1-схема); ал эми жанаша жаткан Б-дүн бири бирине карата жайгашуусу б-ча жарыш, кулиса, виргация сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Катуу тоо тек катмарларынын арасындагы жумшак тектердин катмары бирдей эле тектон. күчтүн таасиринен ойку-кайкы тартып, татаал бүктөлөт. Бул дисгармониялык Б. деп аталат. Пайда болуу учурундагы тектон. шартка жараша платформалык (кумпага окшош, үзгүлтүктүү, германотиптүү), геосинклиналдык (сызыктуу, толук, альпинотиптүү) ж-а арабөк (алардын ортосундагы) Б. деп ажыратылат. Тектон. кыймылда турган
аймактардын өнүгүп-өөрчүшүнүн белгилүү бир учурунда пайда болгон бир тилкедеги тоо түзүлүштөрүнүн бүктөлүү комплекси б ү к т ө л ү ү з о н а с ы деп аталат. Бир нече бүктөлүү зонасы биригип, б ү к т ө л ү ү с и с т е м а с ы н түзөт. Ортонку ж-а четки массивдерден ж-а сырткы бүктөлүү системаларынан б ү к т ө л ү ү о б л у с у куралат. Буга Альп, Кавказ, Гималай, Түш. Теӊир-Тоо, Түн. Теӊир-Тоо ж. б. бүктөлүү облустары мисал. Бүктөлүү облустары биригип, б ү к т ө л ү ү а л к а г ы н курат (мис., Урал–Монгол, Жер ортолук деӊиз, Тынч океан ж. б. бүктөлүү алкактары). Б. негизинен 3 жол м-н пайда болот (к. 2-схема); а) тоо тек катмарларын бойлой таасир кылган күчтөрдөн б) тик багыт б-ча таасир кылган күчтөрдөн; в) чоӊ кы

сымдын таасири астында катмарлардын «агымынан» Б-дүн натыйжасында катмарланган чөкмө тектердин түрдүү масштабда ж-а формада бүктөлүштөрү, о. эле жер кыртышында гранитметаморфизм кабаттары пайда болуп, ири тоо тизмектери келип чыгат; геосинклиналдуу зоналар (системалар, облустар, алкактар) бүктөлүү зоналарга (системаларга, облустарга, алкактарга) айланат. Б. кыска мөөнөттө же бүктөлүү аймактын бардык жеринде бир мезгилде эле жарала койбойт, ал узак убакыт ичинде пайда болот. Мында тоо тек катмарлары дайыма эле бир калыпта тыкынымсыз бүктөлүүгө учурап турбайт, бүктөлүү процесси бирде күчөп, бирде басаӊдап турат, кээде токтоп калат. Бүктөлүү процесси күчөп турган мезгил Б-дүн фазасы деп аталат. Тектон. кыймылда аймактын өнүгүп-өөрчүшүндө бүктөлүү фазалар көбөйүп ж-а күч алып турган мезгил болот, бул учур бүктөлүү доору деп, ал эми тектон. циклди камтыган бүктөлүү процесстери бүктөлүү заманы деп аталат. Жердин тарыхында архей, карел, байкал, каледон, герцин, мезозой же киммерий ж-а альп сыяктуу негизги бүктөлүү замандары болуп өткөн.
Ад.: Белоусов В. В. Структурная геология. М., 1971; Хаин В. Е. Общая геотектоника. М., 1973; Михайлов А. Е. Структурная геология и геологическое картирование. М., 1973.