БҮРГӨ БААТЫР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БҮРГӨ БААТЫР , Б ү р г ө И т и м б и й у у л у (болжол м-н 1763–1831-ж. чен, Мерке-Талас жергеси) – кушчу уруусунун бийи. Талас өрөөнүндөгү кыргыздардын кушчу уруусунан. Кыргыз элин чет элдик баскынчылардан сактоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн «баатыр» деген атак наамын алган. Кушчу уруусуна бий көтөрүлгөн. Кокон хандыгынын саясий окуяларына да жигердүү аралашкан. Кокон хандыгы сунуш кылган датка наамынан баш тартып, Олуя ата, Сайрамдагы чептерге кол салган. Көз каранды эмес саясаты үчүн аны Кокон ш-нын башчысы тымызын тыӊчы жиберип, ууландырып өлтүрткөн. Кыргыздардын белгилүү төбөлдөрү: Атаке, Эсенгул, Садыр, Жаманак, Жайыл, Кошой, Түлөберди, Ажыбек м-н үзөӊгүлөш, замандаш жашап, кыргыз элинин биримдиги үчүн кызмат кылган. Б. б. жоокерчилик м-н катар эле чарбачыл адам болгон. Арык каздырып, суу чыгарткан. Мерке обл-ндагы «Бүргөнүн тогонду сайы» деп аталган жер азыр да бар. Б. б-дын өзүнө таандык кызыл кочкул түстөгү туусун, мөөрүн, жортуулда кийүүчү темир зоотун ж-а жоокерлик кылычын урпактары азыркы кезге чейин сактап жүрөт.
Д. Сапаралиев.