БҮТКҮЛ РОССИЯЛЫК КИНЕМАТОГРАФИЯ ИНСТИТУТУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БҮТКҮЛ РОССИЯЛЫК КИНЕМАТОГРА́ФИЯ ИНСТИТУТУ – Россиядагы кинонун ар түрдүү адистерин, чыг-лык кызматкерлерин даярдоочу жогорку окуу жайы. Мурдагы аталышы – Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография ин-ту (ВГИК). 1919-ж. 1-сентябрда Москвада дүйнөдө биринчи болуп Мамл. кино мектеби катары уюштурулган. 1922-ж. бул мектеп Жогорку типтеги мамл. мастерскойго айландырылып, 1925-ж. Мамлекеттик кинематография техникуму деп аталган, 1930-жылдын 5-августунда Мамлекеттик кинематография ин-тунда кайра уюштурулган. 1934-жылдын 25-октябрынан тартып Бүткүл союздук кинематография ин-ту аталган. 1992-жылдан азыркы аталышында. Инт-та кинорежиссура, киноактёрдук чеберчилик, кинодраматургия, кинооператордук чеберчилик, фильмди монтаждоо, редакторлоо, кинонун тарыхы м-н теориясы, көркөм фильмдин чеберчилиги өӊдүү сабактар өтүлөт. Андан тышкары, ад-т м-н иск-вонун тарыхы б-ча курстар окулат. Ин-ттун студенттери койгон фильмдер чоӊ экранда көрсөтүлүп, атүгүл эл аралык кинофестивалдарда байгеге арзыган учурлар болгон. Ин-т кино б-ча атайын жыйнактарды чыгарат. Анын окутуучуларынын арасында азыркы Россиянын мыкты киноишмерлери бар. Россиянын, КМШ өлкөлөрүнүн студияларынын чыг-лык кызматкерлеринин курамынын негизин ушул ин-ттун бүтүрүүчүлөрү түзөт. Кыргыздын чыгаан режиссёрлору, сценарийчилери, операторлору да (мис., М. Убукеев, Т. Океев, Б. Шамшиев, К. Өмүркулов, К. Кыдыралиев, М. Мусаев, Д. Асанова, Г. Базаров ж. б.) ушул окуу жайын бүтүрүшкөн.
А. Пазылов, М. Оморова.