БҮЧҮР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БҮЧҮР – тыным абалындагы өркүн. Ал башталма бүчүрдөн, сабактан ж-а жалбыракчадан же гүлдөн турат. Сабакчанын жогорку учунун өсүү конусунун клеткалары бөлүнүп, сабактын жаӊы ткандарын, жаӊы жалбыракчаларды ж-а каптал Б-дү пайда кылат. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн Б-лөрү түрпүлөр м-н капталган, алар ички назик бөлүктөрүн сырткы таасирлерден коргойт.

в – гүл бүчүр); 2 – сирендин ачыла баштаган бүчүрү; 3 – марал кулактын ачыла баштаган бүчүрү; 4 – настурциянын чоку өркүнүндөгү ачылган бүчүр; 5 – лещинанын бүчүр кабырчыктары; 6 – беде өркүнүнүн чоку бүчүрү.
Сабактагы орду б-ча чоку ж-а каптал Б. болуп бөлүнөт. Чоку Б. өркүндүн учунда болуп, узарып өсүүнү камсыз кылат. Каптал Б-дөн бутак өсүп чыгат. Ал жайдын аягына чейин калыптанып, келерки жазга чейин өсүшүн токтоткондуктан, тынымдагы же кыштоочу Б. деп аталат. Кургакчылыкта тропиктеги дарак өсүмдүктөрдүн Б-ү тыным абалына өтөт. Мелүүн алкакта жаздын келиши м-н тынымдагы Б-дүн көбү өсүп, жаӊы өркүндү берет. Өспөй, узак убакыт бою тыным абалында калгандары уйкудагы Б деп аталат. Алар, белгилүү шарт болгондо өсүп, өркүнгө айланат. Бул өзгөчөлүктөрү мөмө ж-а кооз дарактардын шагын ар кыл түргө келтирүүдө, табигый тосмо катары өстүрүүдө эске алынат. Сабак м-н жалбырактан турган Б. – вегетациялык, гүл өсүп чыгуучулар – гүл Б., ал эми гүлү ж-а жалбырагы бар өркүн өсүп чыкса аралаш Б. деп аталат. Өсүмдүктүн жалбырагында, тамырында, сабагынын муун аралыгында пайда болсо, адвентивдик же көмөкчү Б-лөр делет. Уйкудагы ж-а адвентивдик Б-дөн чыккан өркүн тез өсөт.