БХУТТО Беназир: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БХУ́ТТО Беназир (21. 6. 1953 Карачи – 27. 12. 2007, Равалпинди) – Пакистандын мамл. ж-а саясий ишмери. Зульфикар Али Бхуттонун кызы. Б. АКШдагы Гарвард (1973) ж-а Англиядагы

Оксфорд (1977) ун-ттерин бүтүргөн. 1977–84-ж. саясий куугунтукка алынып, түрмөгө камалган, 1984-ж. Лондонго эмиграцияга кеткен. 1986-ж. өлкөгө кайтып келген соӊ, Элдик партияны жетектөө м-н өкмөткө каршы саясий күрөштү уланткан. 1988-ж. анын партиясы шайлоодо жеӊип чыгып, Б. өлкөнүн тарыхындагы аялдардан чыккан алгачкы премьер-министр болуп дайындалган. 1990-ж. каршылаш топтордун кысымы астында өкмөт башчылыгынан кетүүгө мажбур болгон. 1993-ж. шайлоодо кайрадан жеӊип чыгып, экинчи ирет өкмөттү жетектеген. Анын өкмөтү өлкөдө демократиялык реформаларды жүргүзүүгө, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө багытталган чараларды ишке ашырды. 1996-ж. өлкөнүн президенти тарабынан кызматтан алынган. 1996-ж. «эӊ алдыӊкы эл аралык белгилүү саясатчы» катарында Гиннес китебине киргизилген.