БОЛОТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОЛОТ – темир м-н көмүртекти, башка элементтерди (марганец, кремний, күкүрт, фосфор ж. б.) кошуп, эритип алынган элпек иштетилүүчү (деформациялануучу) куйма. Ал хим. Курамы б-ча көмүртектүү Б., ал эми курамына көмүртектен тышкары хром, никель, молибден кошулса, легирленген Б. болуп айырмаланат. Б. Алуунун көп процесси бар (к. Болот эритүү). Б. өндүрүшүнүн негизги агрегаттары: конвертор, мартен меши, электр меши. Жогорку сапаттагы Б-ту алыш үчүн тазартылган эритмелер колдонулат. Хим. түзүлүшүнө карай ал көмүртектүү ж-а маӊыздалган деп бөлүнөт. Маӊыздалган Б-тун түзүлүшүнө маӊыздоочу элементтер (хром, никель, молибден, вольфрам, титан ж. б.) кирип, анын сапатын жогорулатат. Маӊыздоочу элементтер тамга ж-а сан м-н белгиленет. Мис.,