БОЛОТ КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОЛОТ КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ – болоттун ар кандай маркасынан даярдалган курулма түзүлмөлөр. Алардын элементтери ширетүү, бөрктөп чегелөө же бурама м-н бириктирилет. Алар адатта күч келүүчү курулуш констр-сы катары (имарат каркасы, көпүрөнүн аралык курулмасы, телекөрсөтүү мунарасы ж. б.) имарат, кеме жасоочу же оӊдоочу эллинг, самолёт туруучу ангар ж. б. курууда пайдаланылат. Б. к-нан курулуш краны, мунара, нефть чалгындоо мунарасы, чоӊ диаметрлүү түтүктөр, домналар ж. б. жасалат ж-а дат басуудан сактоо үчүн карапа, бетон ж. б. материалдар м-н капталат. Б. к-н долбоорлоодо констр-сынын бекем ж-а туруктуу болушун камсыз кылуу зарыл. Чоӊ Б. к. көргөзмө павильондорун, спорт залдарын, самолёт жыйноочу цехтерди жабууда колдонулат. Алар көмүртек аз кошулган, аз легирленген ж-а өтө бекем болоттон жасалат.