БОЛЬЦМАН СТАТИСТИКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БО́ЛЬЦМАН СТАТИСТИКАСЫ – классикалык механиканын закондорунун негизинде кыймылдоочу көп сандагы аракеттешпеген бөлүкчөлүү системалардын статистикалык физикасы. 1868–71-ж. австриялык физик Л. Больцман иштеп чыккан. Анда идеалдык газдын бөлүкчөлөрүнүн бөлүнүшү импульс ж-а координата б-ча каралат. Буга молекулалары бири-бири м-н начар байланышкан сейрек газдар баш ийет. Системадагы көп бөлүкчөлөрдүн ар биринин абалын так аныктоо мүмкүн эмес, бирок ар бир бөлүкчөнүн орт. кыймылы системанын жалпы абалын мүнөздөшү мүмкүн. Б. с-нда бөлүкчөлөр бири бирине көз карандысыз түрдүү абалга бөлүштүрүлөт ж-а алар бири биринен айырмаланат. Бул абалда алардын координаталары ж-а импульстары белгилүү мааниге ээ болот. Ал суюлтулган мол. газдарга ж-а газ разряддуу плазмага колдонулат. Тыгыз газдардагы бөлүкчөлөрдүн ич ара аракеттешүүсүндө Гиббс бөлүштүрүүсү пайдаланылат.