БОНИФИКAЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОНИФИКAЦИЯ (фр. bonification‚ лат. Bonifico – жакшы) – 1) сапаты келишим‚ стандарт‚ базис кодификациясы м-н белгиленгенден жогору товар баасына үстөк; 2) экспорттолуучу товарлардан алардын атаандаштыкка туруктуулугун дүйнөлүк рынокто жогорулатуу максатында алынган салыгын кайтарып берүү; 3) карыз алуучунун белгилүү бир категориясына берилүүчү кредит процентинин өлчөмүн кыскартууга мүмкүндүк берүүчү мамл. субсидия (процент Б-сы). Туракжай курулушун‚ а. ч-н‚ экспорт соодасын мамл. жөнгө салуунун‚ о. эле региондун өнүгүшүнө өбөлгө түзүүнүн ыкмасы катары колдонулат; 4) конверцияланган мамлекеттик заёмдун облигацияларынын ээлеринин бир жолку акчалай төгүмү.