БОНН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОНН – Германиянын батышындагы шаар. Түн. Рейн-Вестфалия жеринде жайгашкан. Германия бундестагынын ж-а өкмөтүнүн (2000-ж. чейин) турган жери. Рейн д-ндагы порт. Калкы 327,2 миӊ (2019). Эл аралык аэропорт. Керек-жарак товарлар чыгаруучу өнөр жай тармактары басымдуу. Машина куруу (а. и. электр-тех.), фармацевтика, полигр., тамак-аш, эмерек өнөр жайы иштейт. Метрополитен, ун-т, Людвиг ван Бетховендин музей-үйү ж-а концерттик залы бар. 1-к-дан белгилүү. 1273–1794-ж. Кёльн курфюрсттеринин резиденциясы. 1949–90-ж. Германия Федерация Респ-нын борбору болгон. Роман стилиндеги собор (11–13-к.) сакталган.
