БООГАЧИЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БООГАЧИЕВ Токтосун (1887, азыркы Нарын обл., Ат-Башы р-ну – 1922, ошол эле жер) – акын. Ат-Башыдагы черик уруусунун узун-кыпчак тукумунан чыккан. Ал айылдык молдолордон окуп, кат тааныгандан кийин оозеки ырдап жүргөн ырларын кагаз бетине түшүрө баштайт. Акындын көркөм мурастарынан бизге жеткени аз. Анын көркөм мурасын эӊ алгач жазып алган Каюм Мифтаков болгон. Ал «Токтосун ырчы ырларын жаттап алган адамдарды жактырбаган. Ал бирөөгө ырларын жазып бербеген, жаздырып да албаган. Ошондуктан анын ырлары канчалык көп ж-а жакшы болсо да, эл анын ырларын жаттап алалбай унуткан» – деген пикирин айткан. Бул пикирден улам ал ырларын кагаз бетине түшүрүп жыйнаганы сезилип турат. Акындын ырларынын 200 беттен ашыгыраак кол жазмасы болгонун замандаштары эскерет. Б. – 1916-ж. кыргыз элинин көтөрүлүшүн, элдин оор турмушун көргөн акындардын бири. Ал үрккөн эл м-н кытай жеринде болгон. 1916-ж. окуяга байланыштуу «Качкын», «Үркүн» деген ырларын жазган. Б. – «Кулатай», «Перизат», «Жаӊы заманга карап» ж. б. бир нече ырлардын автору. Акындын кыргыз элинин өткөндөгү каардуу турмушуна, адилет жаӊы заманга арнаган көркөм мурасы кыргыз жазма поэзиясынын алгач үлгүсүн түзгөн чыгармалардан болуп калды.