БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕ́РИКА УНИВЕРСИТЕТИ (БААУ) – Кырг-ндагы жогорку окуу жайы. Бишкек ш-нда жайгашкан. Ал Борб. Азиядагы АКШ гуманитардык коллежинин моделиндеги алгачкы ж-а жалгыз окуу жайы болуп саналат. Окуу планы ж-а кредит-саат системасынын негизинде амер. үлгү б-ча иш жүргүзөт. 1993-ж. Кыргыз улуттук мамл. ун-тинин алдында Кыргыз-Америка ф-ти катары уюшулган. БААУда америкатаануу, бизнес башкаруу, маданий антропология ж-а археология, экономика, эл аралык саясат, журналистика, укук, психология, социология, программалуу камсыздоо долбоору багыттары б-ча билим берет. Бүтүрүүчүлөрү амер. бакалавр дипломун алышат. Бул окуу жайдагы бакалавр даражасын алган студенттер магистратурага тапшырууга укуктуу. Профессордук-окутуучулук курамында АКШ, Улуу Британия ж. б. чет өлкөлөрдөн келген ж-а кыргызстандык окутуучулар эмгектенишет. 1065 студент билим алат (2005), а. и. Кыргызстандык студенттердин саны 830 (78%), башка мамлекеттен келгендер 235 (22%). Окуу жайы мультимедиалык лабор., компьютер, видео ж-а аудиосистемалары, китепкана фонду, гезит, ил. журналдар м-н жетиштүү жабдылган. Окутуу орус ж-а англис тилдеринде жүргүзүлөт.