«БОРБОРДУК АЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ШЕРИКТЕШТИК»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
«БОРБОРДУК АЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ШЕРИКТЕШТИК» – эл аралык деӊгээлдеги экон. байланыштын бир түрү. Бул шериктештиктин мамлекеттеринин социалдык-экон. жактан өнүгүшү мамлекет башчылары 1994-ж. кол коюшкан «Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү жөнүндө» келишимге негизделген. Бири-бирин өздөрүнүн жаратылыш ресурстары ж-а чыгарган продуктулары м-н толуктап, региондун өлкөлөрү кыйла отун ж-а энергетика ресурстарына, түстүү ж-а кымбат баалуу металлдардын, урандын, сейрек кездеше турган элементтердин эӊ бай запастарына ж-а башка стратегиялык жактан маанилүү ресурстарга ээлик кылышат. Ошондуктан ар бир өлкө Борб. Азиянын башка өлкөлөрү үчүн табигый ж-а алмашылгыс рынок болуп кызмат кылат. Шериктештикке катышкан мамлекеттердин актуалдуу проблемалары төмөнкүлөр: келишимге катышкан мамлекеттердин ортосунда алып коюларсыз ж-а чектөөлөрсүз эркин соода режимин толук көлөмдө киргизүү; бирдиктүү экон. аймакты түзүү б-ча программаны иштеп чыгуу ж-а аткаруу.