БОРБОРДУК ТҮЗДҮК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОРБОРДУК ТҮЗДҮК Түн. Америкада (АКШ м-н Канадада), Миссисипинин алабында; чыгышынан Аппалачи, батышынан Улуу түздүктөр, түндүгүнөн Лаврентий дөӊсөөсү, түштүгүнөн Мексика бою ойдуӊу м-н чектешет. Басымдуу бийикт. 150–500 м. Түн. Америка платформасынын түш. бөлүгү, анын кристаллдык фундаменти палеозойдун сланецтери ж-а акиташ тектери м-н капталган. Таш көмүр кени бар. 40° түн. к-тен түндүктү карай антропогендеги муз каптоонун издери байкалат. Лаврентий дөӊсөөсү м-н болгон чегинде мөӊгү-тектон. кыймылдын таасиринен пайда болгон көлдөр (Улуу көлдөр, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба ж. б.) жайгашкан. Климаты мелүүн, континенттик, түш. четинде субтропиктик. Жылдык жаан-чачыны 400–1200 мм. Аймагынын 3/4 бөлүгү айдоо, шалбаа, жайыт катары пайдаланылат. Багбанчылык өнүккөн. Жазы жалбырактуу ж-а аралаш токойдун калдыктары бар. АКШ м-н Канаданын маанилүү а. ч. (дан, мал чарбалары) району.