БОРДУ-ТӨР МӨӉГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОРДУ-ТӨР МӨӉГҮСҮ Көөлү кырка тоосунун түн. капталында. Көөлү суусунун оӊ куймасы Борду-Төрдүн алабында жайгашкан. Уз. 5,6 км, аянты 5,7 км2. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5000 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Фирн облусу көп камералуу татаал цирк, андан жылып чыккан мөӊгүнүн «тили» түн.-чыгышты карай багытталып, шынаа сымал аяктайт. Мөӊгүнүн этеги м-н төмөнкү мореналардын аралыгы 700–800 м. Кийинки 50 жылда мөӊгү өзгөрүүсүз бир калыпта жатат. Мөӊгүдөн Борду-Төр суусу агып чыгып, Көөлү суусуна оӊ тараптан куят.