БОРОЛДОЙ АКИТАШ ТЕГИ КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОРОЛДОЙ АКИТАШ ТЕГИ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Боролдой кыш-нан 15 км түн. тарапта, Кастек тоосунун түш.-чыгыш капталында, деӊиз деӊг. 1900–2000 м бийиктикте. Кен 1939-жылдан белгилүү, 1950–54-ж. «Средазгеолнеруд» трести геол. чалгындоо жумуштарын жүргүзгөн. Кен таш көмүр мезгилинин ортосунда пайда болгон агыш ж-а боз түстүү мраморлошкон акиташ тегинен түзүлгөн. Ал гранит интрузиясынын арасында жатат. Пайдалуу катмарлардын калыӊдыгы 95 мге жетип, анын тилкеси 350 м. Хим. курамындагы акиташ теги бардык жерде бирдей: СаСО3–94–99%, чополуу кошундулар – 0,12–4,38%. 1 кг акиден 2,5 л эринди чыгат. Акиташтын чылануу ылдамдыгы 13 минута, темп-расы 54°С. Акиташ тегинен 1-сорттогу акиташ алууга болот. Кенди 1959-жылдан Желаргы акиташ з-ду карьер түрүндө казып алууда. 1996-жылга карата запасы 652 миӊ т.