БОСОГО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОСОГО г е о г р а ф и я д а – 1) эки тоонун аралыгындагы же бир эле тоону кесип өткөн кененирээк капчыгай же өндүр. «Б.» адатта тектон. жол м-н пайда болот: туурасынан жаткан грабен же кырка тоонун антиклиналдык жонунун жерге чөккөн кайкысы. Мындай жерлерге – Жонгор Б-су (же дарбазасы; Жонгор Ала-Тоосу м-н Бирлик-Тоо, Майлы-Тоо кырка тоолорунун аралыгында), Темирлан Б-су (же дарбазасы; Малгузар тоосу м-н Нура-Тоонун аралыгында), Кырг-ндагы Босого капчыгайы (Ат-Башы кырка тоосу м-н Нарын кырка тоосунун аралыгында) ж. б. кирет. 2) Дарыя нугундагы аска таштуу тайыз жерлер, бөгөттөр. Адатта Б-лор жер бетине чыгып жаткан чулу тоо тектерден же алардын аскалуу кырларын суу жеп, кырып кете албагандыгынан пайда болот. Б-дон кийин нук эӊкейиштеп, суу шар агат (3–5 м/сек). Кээде шаркыратмалар да Б-лорго айланат. Б-лор көбүнчө тоо дарыяларына мүнөздүү; түздүктөрдөгү айрым дарыяларда да болот. Кеме каттоого көп тоскоолдук кылат. Кырг-ндын дээрлик бардык дарыяларында Б-лор бар. Б-луу нуктарга ГЭСтер курулат. Б. топоним же анын бир бөлүгү катары Кырг-ндын аймагында арбын кездешет: Кара-Кулжа р-нундагы кыштак, тоо чокусу – Босого, Босого – Ак-Таш, Ат-Башы р-нундагы капчыгай – Босого, Кайыӊды суусунун сол куймасы – Босого-Таш (Токтогул р-ну) аталат. 3) Эшиктин каалга бекитилген жыгачы, кашеги. 4) Үйдүн кире бериши, ирегеси.