БОСТЕРИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОСТЕРИ , Д о л о н о т у – Ысык-Көл обл-нун Ысык-Көл р-нундагы кыштак. Бостери айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата ш-нан 7 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 88 км. 1931-ж. отурукташкан. Калкы 7380 (2009); негизинен дыйканчылыкта, курорт, санаторий ж-а пансионаттарды тейлөөдө эмгектенет. Орто мектеп, 2 бала бакча, үй-бүлөлүк врачтар тобу, дарыкана, клуб, китепкана, кафе, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакка жакын пансионат, курорт, санаторийлер жайгашкан. Кыштакта академик А. Мамытов, жазуучу К. Акматов туулган.