БОСТОН (кыргыз уруусу): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОСТОН – кыргыз уруусунун аталышы. Бул уруу кыргыздын ичкилик уруулук бирикмесине кирет. Уруунун пайда болушу ж-дө санжырада уламыштар сакталып калган эмес. Болгону аны ичкилик урууларынын түпкү атасы Салвасбек-булагачынын бир уругу катары сыпаттап, андан тараган тукум Б. уруусун түзөт деп гана баяндалат. Тарыхый даректерде болсо Б. кыргыздын бир уруусу катары 16-к-дан бери белгилүү. Ошол заманда жазылган «Мажму ат-таварихте» ичкилик алты уруунун бири катары көргөзүлгөн. Ушундан тартып кийинки мезгилдерде жаралган жазма даректерде Б. уруусу ж-а андан чыккан ишмер адамдар тууралуу маалыматтар кездеше баштайт. Уруунун генезиси тууралуу изилдөөчүлөрдүн арасында бирдей пикир жок. Бирок алардын көпчүлүгү Б. уруусун байыркы этностук компонент катары белгилешет. Негизинен бул уруунун түпкү тегин о. кылымдарда Борб. Азияда жашап өткөн түрк тилдүү карлук уруулары м-н байланыштырат. Карлуктардын «бистан» аттуу уруусу болгондугу тарыхый даректерден белгилүү. Б. уруусунун уруктук түзүлүшү да акырындык м-н унутулуп бараткандыгына байланыштуу, чаташуулар арбын кездешет. Ал уруу – бозала бостон, батмунке, думар, баймат тукум, телмин, чаманай, мардай, сазан, гядык, балчы, каржады, бабачал, жиндө ж. б. уруктук топторго ажырайт. Б. уруусунун негизги бөлүгү Ош обл-нун айрым райондорунда жайгашкан.
Р. Жолдошев.