БОТБАЕВ Ильяс Махмудович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОТБАЕВ Ильяс Махмудович (1931, Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Кара-Суу кыш. – 12.12.2014, Бишкек) – а. ч. илимд. доктору (1985), проф. (1990), Россия а. ч. академиясынын корр. мүчөсү (1991), КР УИАнын корр. мүчөсү (1993), академиги (1997). СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1991), КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1995). 1953-ж. К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүп, Токтогул райондук а. ч. бөлүмүндө башкы зоотехник, ошол эле жылы Кыргыз ССР ИАнын Зоология ж-а паразитология ин-тунда ил. кызматкер. 1978-ж-дан Кырг-н мал чарба ил.-өндүрүш бирикмесинин генералдык директору. 1986–88-ж. Кырг. ССР мамл. агрардык өнөр жай к-тинде илим ж-а алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү ж-а пропагандалоо башкармасынын башчысы. 1988-жылдан Кыргыз мал чарба ИИИде бөлүм башчы, директордун орун басары, башкы ил. кызматкер. Алай коюнун ж-а Кыргыз уяӊ жүндүү коюнун ондон ашык з-ддук линиясынын ж-а 300дөн ашуун ил. эмгектин автору. Анын жетекчилиги м-н Ысык-Көл мериносу, кыргыз эчкисинин жаӊы породалары чыгарылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Алайская порода овец и её селекция. Ф., 1992. Выведение уникальной алайской породы полугрубошерстных овец. Б., 1998.
